Киевдин эки районунда жекшемби күнкү аткылоолордун кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын 25-майда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, баш калаада 300гө жакын объект, көбүнчө үйлөр жабыркаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кеминде эки киши каза таап, 87 киши жаракат алды. Алардын ичинен үчөө — жашы жете элек балдар. Орусиялык аскерлер дрон жана ракета соккулары менен аскердик объекттерди бутага алганын билдирип, Киевдеги кыйроолордун масштабы тууралуу комментарий берген жок. Батыш лидерлери украин борборуна согуш башталгандан бери жасалган эң ири чабуулду айыптап жатышат.
Киев Орусиянын катуу соккусуна кабылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Киевдин эки районунда жекшемби күнкү аткылоонун кесепетин жоюу иштери уланып жатканын 25-майда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, башкалаада 300дөй жай, көбүнчө турак үйлөр жабыркады.