ЖК: Конституциялык сот төрагасы жыйынга "президент айтканы үчүн" катышканын айтты

Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 26-майдагы отурумунда Конституциялык соттун ишмердиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору каралды. Бул отурумга Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев катышып, долбоор боюнча баяндама жасады.

Бирок өз сөзүндө ал эл аралык практикада бул кызматтагы адам мыйзам долбоору каралып жатканда парламент жыйынына катышпай турганын белгиледи.

“Конституциялык соттун караганы дайыма укуктук-ченемдик актылар болот. Ошого алардын кабыл алуу процессине катышып же “тырмагы тийип калса” эле бүттү. Кийин бул боюнча ишти карап жатканда аны башкара албай калам деген сөз”, - деди Өскөнбаев.

Конституциялык соттун төрагасынын парламентте мыйзам долбоорун кароо процессине катышпай турганын айтканына депутат Мирлан Жээнчороев көңүл буруп, Өскөнбаевди жыйынга катышууга ким чакырганын сурады. Конституциялык соттун төрагасы бул президент Садыр Жапаровдун айтканы менен болгонун тактады.

“Мыйзам долбоорун кароо боюнча башка пикирде болсоңуз ал жүйөлөрдү сизди чакырган тарапка да билдирип койсоңуз туура болмок”, - деди Жээнчороев.

Конституциялык соттун ишмердиги боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаров демилгелеген долбоор 25-майда Жогорку Кеңешке түшкөн. Анда түшкөн кайрылууларды алгачкы текшерүүдөн өткөрүп, өндүрүшкө алып-албоону чечкен үч судьядан турган коллегияны жоюу, электрондук түрдө арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жана ишти кароо мөөнөтү тууралуу өзгөртүүлөр камтылган.

Конституциялык соттун тогуз судьясы бар. Ага Конституцияны расмий чечмелөө, бийлик бутактарынын ортосундагы талаштар, эл аралык келишимдер, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бул соттун чечимдерине түшүндүрмө суроо жана кайра кароо арызы менен кайрылышат.

Дагы караңыз

ИИМ Ошто өлүм менен аяктаган окуяда милициянын аракети канчалык болгонун текшерүүдөМинистрлер кабинети Жол фонду мекемеси жоюлганын билдирдиАКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Арменияга баратИранда интернет байланышын калыбына келтирүү чечими жарыяланды