АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын (CENTCOM) өкүлү Тим Хокинс америкалык аскерлер Ирандын түштүгүндөгү "бутага сокку урганын" билдирди.
"Америкалык аскерлер Ирандын түштүгүндө коргонуу максатында, биздин жоокерлерди ирандык күчтөрдөн туулган коркунучтардан коргоо үчүн сокку урду", – деген Хокинстин сөзүн ABC жарыялады.
Анын айтымында, бутага мина коюуга аракеттенген ракеталык жабдуулар жана кайыктар алынды. Борбордук командачылык "элдешүү уланып жаткан шартта сабырдуулукту көрсөтүү менен АКШнын аскерлерин коргоону улантууда" деп билдирди Хокинс.
"Ал-Жазира" телеканалынын маалыматына караганда, бул соккулардан кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында чоо-жайы ачык айтылбаган кемеге чабуул коюп, бир нече аскер каза тапты.
Ирандын маалымат агенттиктери буга чейин Бандар-Аббас шаарында жарылуу болгонун жазышкан. Кийинчерээк жарым-жартылай расмий Mehr агенттиги "кырдаал толук көзөмөлгө алынды" деп жазды. Тегеран соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Чабуул Ирандын делегациясы Дохага барып, Катардын премьери менен жолугушуп жаткан учурда болду.
Reuters сапар тууралуу маалыматы бар аткаминерге шилтеме берип, тараптар Ормуз маселесин, Ирандагы байытылган урандын корун, АКШ менен акыркы чечимге келүүнүн алкагында Ирандын камактагы каражаттарын чыгарууну талкуулаганын кабарлады.
The New York Times буга чейин америкалык чиновникке таянуу менен Вашингтон менен Тегеран Ормуз кысыгын ачуу боюнча келишимге жетишкенин, бирок азырынча деталдарын макулдаша электигин жазган.
The Washington Post болсо өз булактарына шилтеме берип, Иран менен эч кандай келишим түзүлө электигин, тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум боюнча гана келишимге келгенин маалымдады.
Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Soсial социалдык түйүнүнө Иран менен сүйлөшүүлөр "жакшы жүрүп жатканын" жазган. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 25-майда Индиядагы сапарында Иран боюнча иштер аягына чыга электигин билдирген.