АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 26-майда Ереванда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту.
Ошондой эле тараптар минералдар боюнча келишимге жана Армениянын түштүгү аркылуу өтө турган 43 чакырымдык транспорттук коридор боюнча кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту.
Бул коридор Азербайжанга өзүнүн Нахчыван автономиясына түз жол ачып, андан ары Бакунун эң жакын өнөктөшү болгон Түркияга чыгууга мүмкүнчүлүк бермекчи.
Арменияда эки аптадан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Анда премьер-министр Никол Пашиняндын Батыш менен жакындашууга умтулган “Жарандык келишим” партиясы жана орусиячыл деп саналган бир катар оппозициялык партиялар ат салышат.
Рубионун сапарын утурлай Кремль дүйшөмбү күнү Армения Орусия менен интеграциядан баш тартса, орус газын кымбат баада алып калышы мүмкүн экенин эскерткен.
Рубионун сапары май айынын башында өткөн Армения–Евробиримдик саммитинен кийин Ереван менен Москванын мамилеси начарлап жаткан учурга туш келди.
Март айында Ереванга АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс барган.