Ош: сатуудан түшкөн салыктын жарымы шаарга кала турган болду

Ош мэриясы.

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынан чогулган сатуудан алынган салыктын 50%, бирдиктүү салыктын 15% калаага калтыруу боюнча пилоттук долбоорду киргизди. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганы 26-майда жарыяланды.

Мындай чечим салыктык кирешелерди адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн кабыл алынды.

Пилоттук долбоор 1-июндан башталып, бир жылга созулат. Анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинети долбоордун келечеги боюнча сунуш берет.

Ош шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, шаардын 2026-жылдагы бюджети 5,2 миллиард сомду түзгөн.

Президент Садыр Жапаров былтыр Ош шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 6,3 миллиард сом каралганын аймакка иш сапары маалында билдирген. Ал 2026-жылы да борбордон кошумча каражат карала турганын кошумчалаган.

Дагы караңыз

АКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуЭс алуу жайлары менен парктардагы аттракциондордун абалы текшерилет АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урулганын билдирди Садыр Жапаров Ирандын президенти Пезешкиан менен телефондон сүйлөштү