АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин ачык дебаттарына катышмак болгон Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Алимовго виза бербеди. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя билдирди.
Анын сөзүнө караганда, орусиялык делегацияны БУУнун Коопсуздук кеңешине 1-майдан тартып төрагалык кылып жаткан Кытайдын тышкы иштер министри Ван И чакырган.
26-майга БУУнун уставын сактоо жана борбордук ролун бекемдөө маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги ачык дебаттар пландалган. Ачык дебаттар - БУУ Коопсуздук кеңешинин же Башкы ассамблеясынын атайын отурумдары. Анын жүрүшүндө бул органдарга кирбеген өлкөлөр да чыгып, сүйлөй алышат.
Небензя ошондой эле Москва бул маселени "Вашингтон милдеттерин бузганы" гана эмес, "Кытайдын төрагалыгын ачык эле сыйлабастыгы" катары кабыл аларын билдирди.
АКШ лидерлигине Дональд Трамп кайтып келгенден кийин, Москва менен Вашингтондун мамилеси Жо Байдендин бийлиги учурундагыдан кыйла жанданган. Трамптын чабармандары бир нече жолу Орусияга барышты, ал эми АКШ Орусиянын түз инфестициялык фондунун башчысы Кирилл Дмитриевдин америкалык виза алышы үчүн санкциядан убактылуу чыгарды. Ошол эле учурда, Небензя билдиргендей, орусиялык расмий делегацияларга виза берилбегени такай кайталанууда.
Былтыр 23-сентябрда Мамдуманын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий БУУ Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн АКШга виза ала алган эмес. Америка бийлиги орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен чогуу Башкы ассамблеянын ишин чагылдырууга укук алган журналисттердин айрымдарына да виза бербеген. Быйыл 26-мартта Слуцкий АКШга Мамдума депутаттарынын курамында баруу үчүн виза ала албаганын маалымдаган.
2025-жылы 9-апрелде Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Франция Алимовго ЮНЕСКОнун иш-чарасына катышуу үчүн виза берүүдөн баш тартканын айтып чыккан.
Ошол эле айда Шарль-де-Голль аэропортунда франциялык чек арачылар Орусия ТИМинин расмий делегациянын курамындагы кызматкерин себебин айтпай кармап, телефонун, компьютерин алып коюшкан. Орус элчилигинин өкүлү менен жолугушууга жети саатка чейин уруксат берилген эмес.
Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков француз бийлигинин аракетин "кабыл алынгыс" жана Вена конвенциясын бузуу катары сыпаттаган.
Орусия АКШ Лавровдун орун басарына виза берүүдөн баш тартканын билдирди
БУУ Коопсуздук кеңешинин жыйындар залы.