Быйыл май айына карата Орусиянын көзөмөл реестринде турган кыргызстандыктардын саны 90 миң 721 адамды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов 28-майдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, 80ден ашык жаран убактылуу кармоочу жайда турат.
Байбосовдун айтымында, учурда Орусияда 502 миң кыргызстандык жүрөт жана алардын 268 миңи миграциялык каттоого турган. Мындан тышкары 1 миң 126 кыргыз жараны соттолгон, 91 миң 566 кишиге Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Министрлик Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үчүн даярдалган RuID тиркемеси менен тааныштырып, ал 30-июндан күчүнө кирерин билдирди. Бул платформа аркылуу Орусияда жүргөн жарандар кирүү-чыгуу билдирмелерин берип турушу керек. Мекеме жарандар бул платформа аркылуу Орусияга кирүүгө уруксаты бар же жогун биле аларын айтууда.
“2026-жылдын 30-июнунан тартып Орусия Федерациясына визасыз тартипте эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же билим алуу максатында кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик чек арадан өтүү пландаштырылган убакытка чейин кеминде 72 саат мурда RuID мамлекеттик кызматтар порталынын мобилдик тиркемесинде каттоодон өтүп, тиешелүү арыз тапшырууга милдеттүү. Документтер менен тастыкталган шашылыш дарылануу, оор дарт же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу өзгөчө жагдайларда арызды пландалган кирүү убактысына чейин 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга болот”, - деп жазылган маалыматта.
Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет.
2021-жылдан бери Мамдума мигранттарга каршы маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын "ДумаБинго" долбоору санап чыккан. Анын 38и 2024-жылы "Крокустагы" теракттан кийин каралган.