"Орусияга жиберген 20 тонна жүгүм жолдо калды"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарын жөнөтүүдө кайрадан көйгөйлөргө туш болгонун айтууда. Алар бул өлкөгө товар сатууда талаптар күчөгөнүнө байланыштуу тонналарган жүгү чек арада турганын билдирип жатышат. Өкмөт болсо бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатканын билдирип келет.