Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири долбоорду аяктоого арналган мемориалдык стела салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
28-майда өткөн иш-чара ӨКМде “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте уран казып алуудан калган аймактарды рекультивациялоо боюнча КМШнын Мамлекеттер ортосундагы максаттуу программасынын ийгиликтүү аякташына арналган салтанаттуу жолугушуу менен коштолду.
Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев баштаган жетекчилер жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Эл аралык ишмердик блогунун директору Николай Спасский жетектеген делегация катышты.
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен иши өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугуна чоң салым кошконун белгилешти.
Жолугушуунун алкагында тараптар жумуштар жыйынтыкталганы жөнүндө протоколго расмий кол коюшту. Ошондой эле 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш аракеттердин планын бекитишти.
Уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык программа 2013-жылдан 2025-жылга чейин жүрдү. Аны Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын биргелешип ишке ашырды.
Миң-Куш шаарчасы 1947-жылы уран кенин казып алуу борбору катары негизделген. Кийин шахталар жабылгандан соң бул жерде бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон кеңсе товарларын чыгарган завод иштеген.
2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Миң-Кушта жүргүзүлгөн иштердин алкагында “Как”, “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдыктары рекультивацияланды. Кооптуу калдыктар атайын даярдалган “Ыраакы” (“Дальнее”) объектисине көчүрүлүп, ал коопсуз абалга келтирилди.
ӨКМ быйыл апрелде тараткан маалыматында Кыргызстандын башка аймактарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо иштери уланып жатканын билдирген. Анда айтылгандай, министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде калдык сактоочу 33 жай жана 27 кен калдыктары. Жалпы көлөмү 11 млн куб метрди түзөт.
2025-жылы Орусиянын өкмөтү Кыргызстанда СССР учурунда калган уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине 2 млрд 141 млн 420 миң рубль бөлөрү айтылган. Бул каражат беш жердеги уран калдыктарын зыянсыздандырууга жумшалары кабарланган. (ErN)