Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) уран калдыктарын рекультивациялоо иштери уланып жатканын 4-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде калдык сактоочу 33 жай жана 27 кен калдыктары. Жалпы көлөмү 11 млн куб метрди түзөт.
Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу менен аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири долбоорлорду улантып жатканын кабарлады.
Былтыр Орусиянын өкмөтү Кыргызстанда СССР учурунда калган уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине 2 млрд 141 млн 420 миң рубль бөлөрү айтылган. Бул каражат беш жердеги уран калдыктарын зыянсыздандырууга жумшалары кабарланган.
Алар:
- Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагындагы уран өндүрүшүнөн калган өнөр жай объектилери, күл төгүлүүчү аянттар;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Төө-Моюн кен калдыгы;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар №12 айылындагы үч кен калдыгы;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылындагы калдык сактоочу үч жай;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кан айылындагы калдык сактоочу эки жай.
2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.
2024-жылы 2-сентябрда Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында “Туюк-Суу” уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылган.
Ошол эле жылы 1-июнда Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. ӨКМ автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Бирок кийин автоунаа сайга кулаган учурда ичинде уран калдыгы болгону аныкталган. (КЕ)
Шерине