Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Ооганстанда жер силкинип, сегиз киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын чыгышындагы Гиндукуш аймагында күчү 5,8-6 баллга жеткен жер титирөө катталды. 3-апрель, түнкү саат 22:52де болгон жер титирөөдө өлкөнүн борбору Кабулда кеминде 8 киши каза болду, эки жаштагы наристе жараат алды. Адамдар урандынын алдында калган. Бул тууралуу түркиялык Haberler басылмасы жазды.

Очогу болжол менен 190-200 чакырым тереңдикте болгондуктан сейсмикалык толкундар алыскы аралыкка чейин сезилген.

Жер силкинүү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Бадахшанда катталып, Пакистан, Казакстан жана Өзбекстанда дагы сезилди. Айрым райондордо жер титирөөнүн күчү 2-3 балл болгон.

Ооганстан Инд жана Евразия тектоникалык плиталары кесилишкен жерде орун алгандыктан жер титирөөлөр өзгөчө Гиндукуш тоосунда көп болот.

Былтыр августтун этегинде Ооганстандын чыгышында 6 магнитудасындагы жер титирөө 2 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен.

Элет жериндеги жыгач менен чоподон курулган үйлөр кыйраганда бир топ жашоочулар урандылардын астында калган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG