29-майга караган түнү Румыниянын Галац шаарында орусиялык дрон көп кабаттуу турак жайга тийди.
Румыниянын Коргоо министрлиги билдиргендей, дрон өлкөнүн аба мейкиндигине киргени радарда катталып, аны кармоо үчүн истребителдер менен тик учактар көтөрүлгөн. Аны атып түшүрүүгө жетише электе көп кабаттуу үйдүн чатырына тийип, өрт тутанган.
Румыниянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы инспектораты эки киши жараат алганын ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, көп кабаттуу үйдөн 70 киши эвакуацияланды.
Интернетте тараган сүрөттөрдөн дрон шаардын түштүгүнө тийгенин көрүүгө болот. Бул аймактан Украинанын чек арасына чейин аралык 11 чакырымдан ашат.
Буга чейин румын Коргоо министрлиги Орусиянын Украинага чабуулдары учурунда Румыниянын аймагына дрондор кирген же кулаган 45 учур тууралуу кабарлаган. Бирок алар Румыниянын Украина менен чектешкен эл жашабаган аймактарда катталган.
Бул эл жыш жайгашкан районго дрон учуп, карапайым тургундар жараат алган биринчи окуя болду.