Reuters: Волгограддагы мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту

Волгограддагы Лукойлдун мунай иштетүүчү заводу. Архив сүрөт.

Украинанын дрон соккусунан кийин Орусиянын Волгоград аймагындагы "Лукойл-Волгограднефтепереработка" заводу ишин токтотконун Reuters маалымат агенттиги эки булагына таянып маалымдады.

Заводдун ишинин 40% камсыздап туруучу CDU-1 жабдуусу токтогону, андан тышкары CDU-5 жана CDU-6 жабдуулары да иштебей калганы маалымдалды.

Украин дрондору аталган мунай заводуна 29-майда сокку урган. Соккуга ошондой эле синтетикалык таар заводу да алынган, бир адам мерт кетип, экөө жаракат алганын аймактын губернатору Андрей Бочаров кабарлады.

Astra Телеграм каналы белгилегендей, 29-майдагы сокку бул мунай заводуна согуш башталгандан берки кеминде онунчу чабуул болуп калды.

Аталган завод Түштүк федералдык аймактагы эң ири мунай өндүрүүчү ишкана. 2025-жылы анда 13,7 млн тонна мунай иштетилген, бул жалпы өлкөдөгү өндүрүлгөн мунайдын 5% түзөт.

Дагы караңыз

"Айтматовдун романы коркунучтуу тасмага идея берди"Агартуу министрлиги алты күндүк окуу тууралуу комментарий берди"Качып кетип, кайра оор кылмышка баргандар көп". Орусия согушка тарткан кылмышкерлерДепутат Кайрылбекова камактагы жолдошу Кубандыковдун иши боюнча комментарий бердиПашинян Арменияда референдум өткөрүү талабын четке какты