Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова камакта жаткан жолдошуна жоолугуп чыкканын билдирди.
Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы расмий баракчаларына пост жазып, кылмыш иши тууралуу учкай маалымат берди.
“Эң негизгиси ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен Орусиянын жаранын тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөөсү сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиянын жараны Польшанын жаранын 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы үчүн Жаныбек күйүп жатат”, - деп жазды ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда кабарлаган.
Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкектин Ленин райондук соту аны 17-июлга чейин камакка алган.
Жаныбек Кубандыков буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген жана Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу. (BTo)
Шерине