АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер коргонуу максатында ирандык радарларга жана Кешм аралындагы Горук шаарындагы дрон башкаруу пунктуна сокку урганын билдирди.
"Таамай жана максатка багытталган соккулар ишемби жана жекшембиде Ирандын агрессиялык аракеттерине, анын ичинде эл аралык сууда америкалык MQ-1 учкучсуз учагын атып түшүрүүгө жооп болду. Америкалык истребителдер ыкчам жооп кайтарып, аймакта кемелерге коркунуч туудурган Ирандын абадан коргонуу каражатын, жерден башкаруу пунктун, эки сокку уруучу учкучсуз аппаратын жок кылды", – деп жазылган маалыматта.
Анда америкалык аскерлер эсен-соо экени кошумчаланган.
Өз кезегинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ Хормозган провинциясынын Сирик аралында телекоммуникациялык мунарага сокку ургандан бир нече сааттан кийин ирандык истребителдер америкалык күчтөрдүн базасына чабуул койгонун жарыялады.
"Эгерде агрессия кайталанса, жооп мындан катуу болот жана кандай чыңалуу болбосун жоопкерчилик Кошмо Штаттарында жүктөлөт", – деген корпустун билдирүүсүн бийликке жакын Mehr маалымат агенттиги таратты.
Өткөн аптанын этегинде маалымат каражаттары АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин дагы 60 күнгө узартууну алдын ала макулдашканын жазып чыгышкан. Axios басылмасы кийинчерээк Америка президенти Дональд Трамп келишимдин долбоорун өзгөртүүнү талап кылганын кабарлаган.
Шерине