БШКнын жаңы курамына талапкерлер көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 2-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлер көрсөтүлдү.

Анын ичинен төртөөнүн: Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышев, Бөдөш Мамырова жана Миргүл Темирбаеванын талапкерлигин президент сунуштаган.

Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин көрсөтүштү.

Талапкерлердин бешөө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, үчөө парламент аппаратынын мурдагы кызматкерлери.

БШКнын жаңы курамына талапкерлерге макулдук берүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда каралат.

Жакында эле президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган.

Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана алардын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекитилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Троллейбустар боюнча сот ишинде мэриянын чечими мыйзамдуу деп табылдыБишкекте жол кырсыгынан бир адам мүрт кетип, беш киши жаракат алдыОшто жол тескөөчүлөрдүн машинесин сүзгөн мас айдоочу камалдыБишкек: Көчөлөрдөгү көлчүк маселеси парламентте көтөрүлдүИран: Дагы эки киши дарга асылды, интернет иштеди, бирок чектөө калды