Орусиянын Украинанын аймагын жапырт аткылоосунан 2-июнда кеминде 13 адам каза болгонун, 100дөн ашык адам жаракат алганын украин жарандык коргонуу мекемеси билдирди. Айрыкча Киевде, Днепрде жана Харьковдо абал оор экени кабарланды.
Борбор калаада куткаруучулар түнү бою дээрлик бардык райондордо - 29 жерде иштешти. Өрттүн көпчүлүгү өчүрүлдү, Киевдин беш районунда иштер уланууда. Шаарда төрт адам каза болду, 60тан ашык тургун жараат алып, медициналык жардамга кайрылды. Снаряддан жараат алгандардын арасында үч жашар бала бар.
Днепрде көп кабаттуу үйлөр талкаланып, кеминде 9 адам каза тапты, арасында балдар бар. 35 тургун жаракат алганы, алты адамдын дайыны табылбай жатканы кабарланды.
Харьковдо үйлөр жана тамак-аш ишканасы жабыркап, 10дон ашык адам жараат алды.
Ошондой эле Николаев, Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов жана Запорожье облустарында үйлөр жана башка имараттар талкаланды.
Днепрде каза болгондор саны тогуз кишиге жеткенин жергиликтүү бийлик кабарлаган. Жыйырма адам ооруканага жаткырылганы, алардын төртөөнүн абалы оор экени айтылган. Турак жай жана мекеме имараттарына, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилди.
1-июндун кечинде Харьковго кеминде 15 дрон жана эки ракета атылган. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, 15 адам, анын ичинде 11 жаштагы кыз жаракат алган.