Трамп Иран менен келишим "жакынкы бир жумада түзүлүшү мүмкүн" экенин айтты

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 27-май, 2026-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен атышууну токтотуу режимин узартуу жана Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча келишимге жакынкы бир жуманын ичинде жетишүүгө үмүттөнөт. Бул тууралуу ал ABC News телеканалына курган маегинде билдирди.

1-июнда ABC News телеканалынын Вашингтондогу башкы кабарчысы Жонатан Карл менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Трамп тынчтык келишими «аскердик жеңиштен да жакшы болушу мүмкүн» экенин айтты.

Апрель айынан бери ок атышууну токтотуу режими күчүндө болгону менен тараптар соңку аптада Перс булуңунда бир нече ирет бири-бирин аткылашты.

Трамптын айтымында, Иран тараптан «өтө күчтүү кастык маанай» байкалууда.

«Бул алар үчүн оңой эмес. Чынын айтканда, биздин тарап үчүн да оңой эмес. Бирок биз керек болгон нерсеге жетип жатабыз», — деди ал.

Мүмкүн болгон келишимдин мөөнөтү тууралуу суроого жооп берип жатып Трамп «сөз жакынкы бир жума тууралуу болуп жатканын» айтты.

Анын айтымында, азырынча келишимге кол коюла элек, анткени ал «дагы бир нече маселени такташы керек».

Келишимге жетишүү аракеттери Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, энергия баасынын өсүшүнө алып келген маалда жүрүп жатат.

Дагы караңыз

Шаардык сот Тажибек кызынын ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү четке кактыАвтоунаа айнегин караңгылатууга уруксат берүү убактылуу арзандайтАгартуу министрлиги алты күндүк окуу тууралуу комментарий бердиБШКнын жаңы курамына талапкерлер көрсөтүлдү