Таласта мектеп курууда бюджеттен 4 млн сом негизсиз төлөнгөнү аныкталды

Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери аягына чыкпаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада куруучу ишканага негизсиз түрдө 4 млн 200 миң сом бюджеттен төлөнүп берилген.

Бул факты боюнча облустук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.

Башкы прокуратура буга чейин да айрым аймактардагы мектептердин курулушунда коррупция аракеттерин аныктаган.

Коррупция деңгээлин эсептеген эл аралык Transparency International эл аралык уюмунун соңку "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылган. Ага чейинки жылы 25 упай менен 146-сапта болчу. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Шаардык сот Тажибек кызынын ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү четке кактыАйыл башчыларды күчөтүп, жергиликтүү курултайларды жоюу сунушталуудаТрамп Иран менен келишим "жакынкы бир жумада түзүлүшү мүмкүн" экенин айттыДиний лагерь, эс алуучу жайларды мыйзамсыз уюштурууга тыюу салынды"Тааныштырып койгону үчүн күйүп жатат". "Решала" атка конгон Жаныбек Кубандыков ким?