Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Айыл башчыларды күчөтүп, жергиликтүү курултайларды жоюу сунушталууда

Курултай институтунун эн белгиси.
Курултай институтунун эн белгиси.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 2-июндагы отурумунда мэрия, айыл өкмөт жана айыл башчыларын күчтөндүрүп, жергиликтүү курултайларды жоюуну демилгелеген мыйзам долбоорун карады. Депутаттарга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Элчибек Жантаев маалымат берди.

Мыйзам долбоорунда мэриялардын, айыл өкмөттөрдүн жана айыл башчыларынын ролун жогорулатуу сунушталды. Ага ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы айыл башчысын эмгек келишиминин негизинде дайындай алат жана ошондой эле өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарга айыл башчы дайындоого укук алат. Айыл башчылар муниципалдык макамга ээ болуп, аларды дайындоо тартиби да өзгөрөт. Айыл өкмөттөргө жана айыл башчыларга той, тажыя жана башка маркумду эскерүү сыяктуу үрп-адаттарды тартипке салуу да жүктөлөт.

Элчибек Жантаевдин маалыматына караганда, айыл башчыларга мамлекет айлык акы да төлөйт.

Ошондой эле мыйзамдан жергиликтүү курултайга байланыштуу бардык нормаларды жана жергиликтүү курултайлардын ишин тескеген 62-беренени алып салуу сунушталган.

Мыйзамдын 42-беренесинде каралган административдик-аймактык бирдиктер өзгөрбөсө, чек аралар жана административдик-аймактык өзгөрүүлөр болбосо, жергиликтүү кеңештерди таратууга жатпайт жана алар азыркы курамда ишин улантат.

Депутат Салтанат Аманова айыл башчыларын дайындоодо ошол айылда жашаган, көйгөйлөрдү жакшы билген жарандардан бекитүүнү сунуштады.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окуудан кабыл алынды. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG