Орусиянын "Россельхознадзор" мекемеси Армениядан гилас, кокон гилас, өрүк, кайналы, шабдалы жана жүзүм алып келүүгө тыюу салды. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, чечим 2-июндан тартып күчүнө кирди.
Мындан тышкары бул мөмө-жемиштерди Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө транзиттөөгө да "жөнөтүлгөн азыктардын коопсуздугун камсыз кылуучу тиешелүү алгоритм иштелип чыкканга чейин" тыюу салынды.
"Россельхознадзор" Арменияда Айыл чарба министрлиги жоюлуп, иши Экономика министрлигине өткөрүлүшүнүн кесепетинен улам "армян мөмө-жемиштерин алып келүүдө мыйзам бузуулар көбөйгөнүн" белгилөөдө.
Орусия Армениядан импорттолуучу азыктарды чектөөнү Еревандын 7-июнда боло турган парламенттик шайлонун алдында Евробиримдикке ыктай турганын билдирүүсүнөн кийин киргизди. Майдын башынан тартып орусиялык бийлик гүл, кулпундай, помидор, бадыраң, калемпир, көкчөп, балык жана деңиз азыктарын алып кирүүнү чектеген. Ошондой эле "Жемрук" минералдык суусун жана үч ири армян өндүрүшчүлөрүнүн алкоголдук товарларын импорттоого тыюу салынган.
Москва мындан тышкары Ереван Евробиримдикке кирүү процессин уланта берчү болсо мунай, алмаз жана жаратылыш газын бажы төлөмдөрсүз сатуу келишимин бир тараптуу токтоторун эскерткен.
Шерине