Украинанын дрон соккусунан кийин Орусиянын Волгоград аймагындагы "Лукойл-Волгограднефтепереработка" заводу ишин токтотконун Reuters маалымат агенттиги эки булагына таянып маалымдады.
Заводдун ишинин 40% камсыздап туруучу CDU-1 жабдуусу токтогону, андан тышкары CDU-5 жана CDU-6 жабдуулары да иштебей калганы маалымдалды.
Украин дрондору аталган мунай заводуна 29-майда сокку урган. Соккуга ошондой эле синтетикалык таар заводу да алынган, бир адам мерт кетип, экөө жаракат алганын аймактын губернатору Андрей Бочаров кабарлады.
Astra Телеграм каналы белгилегендей, 29-майдагы сокку бул мунай заводуна согуш башталгандан берки кеминде онунчу чабуул болуп калды.
Аталган завод Түштүк федералдык аймактагы эң ири мунай өндүрүүчү ишкана. 2025-жылы анда 13,7 млн тонна мунай иштетилген, бул жалпы өлкөдөгү өндүрүлгөн мунайдын 5% түзөт.
Шерине