Режиссер бул ирет эмнеге хоррор жанрына кайрылган жана тасма аркылуу кандай ойду бергиси келген? Мындан ары кандай жанрдагы тасма тарткысы келет?
- Бекзат мырза, кинонун жабык көрсөтүүсүнөн кийин менде суроо пайда болду. Балким, башка көрүүчүлөрдө деле болсо керек. Бул кино артхауспу, хоррорбу же психологиялык драмабы?
- Артхаус эмес. Анткени артхаус өтө татаал, эксперименталдык, автордук кино. Мисалы, Ларс фон Триер тарткан "Антихрист", аны толук артхаус десек болот. Артхаус десе эле бизде коркуп кетишет. Бул болгону автордук кинонун радикалдуу эле версиясы. "Кассандраны" автордук кино десек болот, бирок ошол эле учурда бул жанрдык дагы кино. Бул эми хоррор. Тагыраак айта кетсек, мындай жанр барбы же жокпу билбейм, мистикалык этно-хоррор десек болот. Маркес, Борхес жазган магиялык реализм бар го, ошол сыяктуу.
- Айтматовдун чыгармалары биринчи жолу ушундай жанрда тартылып жатса керек же мен жаңылып жатамбы?
- Ооба, ушул жерден көрүүчүлөргө айта кетейин, кинону "Кассандра тамгасынын" мотивинде тарткан жокпуз. Биз романдагы идеяны гана алдык. Дал өзүндөй кылып тартууга өтө көп каражат керек. Менин билишимче, 90-жылдары орустар романдын негизинде кино тартууга аракет кылган. Бир актерду атайын космоско учурууга даярдашса да керек эле. Бирок аягына чыкпай калган. Романда кош бойлуу аялдардын чекесинде кызыл так пайда болот. Ал аркылуу түйүлдүк төрөлгүсү келбегенин билдирет эмеспи. Биз романдан ошол идеяны гана алдык.
- Сиз кинону мистика деп жатасыз. Андагы албарсты ким? Балким ал жөн эле адамдын эмоциясы, депрессияга түшкөн адамдын абалы болуп жүрбөсүн?
- Албетте, бул баш каармандын психологиялык көйгөйлөрүнө байланыштуу. Албарсты ошол абалды чагылдырат десек болот. Хоррор тартууну чечкенибизде коркунучту кантип көрсөтөбүз деген суроо пайда болгон. Анан албарстыны тандап алдык. Албарсты жөнүндө ишеним көптөгөн элдерде кездешет. Ар элде ар башкача аталат. Негизи бул уйку-соонун ортосундагы шал болгон абалга байланыштуу көрүнүш. Адамга көкүрөгүнөн бирөө ныгыра басып же муунтуп жаткандай сезилет. Биздин башкы каарманыбыз дагы жашоосунда оор сыноолорду башынан кечирип жатат. Бирок көрүүчү кинонун соңуна чейин эмнеге андай абалга түшкөнүн түшүнбөйт. Биз тасмада албарстынын классикалык образын көрсөтүүнү кааладык. Бизде аны чачы узун, бою кичинекей, аял сымак жандык деп сүрөттөшөт эмеспи.
Кызыгы, жабык көрсөтүүдөн кийин айрым адамдар жаныма келип, бир кезде албарсты басып, катуу кыйналганын айтып беришти. Албетте, мунун баарын мистика катары түшүндүрсөк болот. Бирок адамдын психикасы ушунчалык татаал жана табышмактуу келет эмеспи.
- Соңку кезде байкасам Казакстанда да, бизде да жин-шайтандар, мастандар ж.б. жөнүндө коркунучтуу тасмалар тартыла баштады. Сиз дагы ошол көчтөн калбайын деп чечтиңизби?
- Баарыбызга белгилүү болгондой, A24 жана Neon деген киностудиялар бар. Алар башында фильмдерди жайылтуучу компания катары түптөлгөн. Кийинчерээк кино тартууга өтүштү. Кызыгы, алар башында хоррор жанрындагы тасмаларды колдоого өзгөчө көңүл бурушкан. Себеби, хоррор режиссёрго олуттуу жана маанилүү темаларды кызыктуу формада айтууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер мен олуттуу маселелерди кадимки драма аркылуу айтсам, бул башка нерсе. Мындай долбоор продюсерлер үчүн дайыма эле кызыктуу боло бербеши мүмкүн. "Оппенгеймер" сыяктуу фильмди тартып, аброю менен чоң касса чогулта алган Кристофер Нолан болбогондон кийин продюсерлер же көрүүчүлөр олуттуу диалогду камтыган драмалык фильмге оңой менен акча салбайт. Жаш, тажрыйбасыз режиссерге андай долбоорду ишенип тапшырышпайт дагы. Ал эми хоррор - автордук кино тарткандар үчүн абдан ыңгайлуу жанр. Анда өз оюңду көрүүчүгө кызыктуу формада жеткире аласың. Ошол эле учурда фильмдин ичине маанилүү, бүгүнкү күн үчүн актуалдуу жана коомду ойлондурган темаларды киргизсе болот. Бул жанрда ар кандай эксперименттерди жасап, визуалдык чечимдер аркылуу өзүңдү эркин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
- Башкы ролду Енлик Айымгазы ойногон турбайбы, ал мурда-кийин киного тартылган бекен? Кайдан таптыңыздар дегеним...
- Казакстанда таанымал театр актрисасы. Биз башында 27 жаштан 32 жашка чейинки курактагы кыргыз актрисасын издегенбиз. Бирок таба албадык. Интернеттен “Эмнеге казак актриса ойноп жатат, кыргыз актриса табылбадыбы?” деп жазып жатышат. Чын эле табылбады.
Экинчиден, кыргыз кинолорунда казак актрисалар буга чейин эле тартылып келген. Мисалы, Наталья Аринбасарова "Биринчи мугалимде" ойногон. Же "Айканы" алалы. Айтмакчы, ал (Самал Еслямова-ред.) ролун укмуш аткарган. Маселе улутта эмес. Кыргызбы, казакпы, татарбы айырмасы жок, ким жакшы ойносо, ошол тандоодон өтөт. Биз казак актрисасын тандадык жана буга бир да жолу өкүнгөн жокпуз. Енлик укмуштай терең, ички дүйнөсү бай адам. Бизге дал ошондой актриса керек болчу. Тасманын жарымына чейин ал үндөбөй аткарды. Бирок ички абалын ал жүзү, көздөрү, ички сезимдерин жеткире билүү жөндөмү аркылуу көрсөттү.
- Дагы бир баш каарманга Гүлайым Каниметованы тандаган экенсиз. Менин билишимче ал киши дагы көбүнчө театрда ойночу эле...
- Мурда бир киного тартылган дешти. Мен аны көргөн эмесмин, аталышын дагы унутуп жатам. Мен болгону эженин интервьюсун көрүп калдым. Дароо эле “Эч кандай кастингдин кереги жок, ушул актрисаны алабыз" деп чечтим.
Тартуу иштери башталганга чейин жарым жыл мурда сүйлөшүү жүргүздүк. Эмнегедир ал киши өзүн кино үчүн ылайыктуу эмесмин деп күмөн санагандай сезилди. Балким кимдир бирөө ага ушундай комплексти сиңирип койгонбу деп ойлойм. Бирок ал укмуш таланттуу актриса болуп турбайбы. Өзгөчө жүзү, өтө күчтүү фактурасы бар адам. Айрыкча көз карашы... Көздөрүн бир жолу көргөндө эле бардык суроолор жоголот. Актриса жана актёрлор арасында мен андан өткөн кесипкөй адамды дээрлик жолуктурган эмесмин. Өз өнөрүнө ушунчалык берилгени, өз ишинин фанаты болгону эле терең урматтоого жана суктанууга татыйт.
"Бишкекти кандай болсо ошондой тарттык"
- Кинодо Бишкектин көрүнүшү өзгөчө көңүл бурдурду да. Түнөргөн кадрлар өтө көп экен.
- Жалпы жонунан айтканда, мен Бишкекти бардык кемчиликтери менен кабыл алам. Кээде анын кемчиликтери күлкүлүү, ал тургай бир аз ыңгайсыз же башаламан көрүнүшү мүмкүн. Бирок ошого карабай Бишкек мага жакын жана кандай болсо ошондой сүйөм. Ооба, акыркы жылдары курулуш иштери башаламан жүрүп жатат. Кээде архитектуранын нормалары бузулуп, айрым учурларда таптакыр эле сакталбай калгандай сезилет. Мен өзүм көп басам жана короолордун, кычык-кучуктардын арасынан өткөндү жакшы көрөм. Мен үчүн Бишкек жалаң эле жалтырак фасаддардан турбайт жана аны кинодо кооз кылып көрсөтүү аракетин жактырбайм. Чыныгы Бишкекте баары аралашып кеткен, контрасттуу шаар, ошонусу менен көрктүү десем болот. Мен Бишкек кандай болсо ошондой көрсөткүм келди. Шаар аркылуу башкы каармандын ички абалын чагылдыруу милдети да турган. Чынын айтсам, бул үчүн өзгөчө аракет деле талап кылынган жок. Бир-эки жер болбосо, фильмдеги көчөлөрдүн көбү шаар борборунда жайгашкан.
- Буга чейин "Аврораны" Ысык-Көлдө тарттыңыз эле, бул фильм дагы ошол жактан тартылган экен. Эмне үчүн Майлуу-Суудан же Кара-Балтадан тартылган жок?
- Майлуу-Суу деле туура келмек. Бирок дарак өскөн жерди издедик. Эгер андай жерди тапсак, Бишкектен деле тартмакпыз. Көп издедик. Анан мага Ысык-Көлдүн тескейинен ушул жерди салып жиберишкен экен. Көктөн издегенибиз жерден табылгандай болду.
Жети-Өгүздөгү Ак-Терек айылынын четиндеги талаада өсүп турган терек экен. Теректер 50 жыл жашайт дешет. Бул калп. Бирок биз тарткан терекке кеминде 200 жыл болуптур. Балким бул Көлдүн абасына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол жерге башынан үй куруп чыктык. Айбек деген жергиликтүү тургун бизге аябай жардам берди. Сценарийде "Каармандар эшикти каккылап турушат, бирок эч ким ачпайт. Ошол учурда бир уй келип, дарбазаны мүйүзү менен ачып кирет" деген саптар бар эле. Сценарий жазуу оңой да. Бирок аны кантип ишке ашырабыз? Мына ушул жерде Айбектин жардамы керек болду. "Бизге жакшынакай уй таап бер. Ал сүт берсин, анан дарбазаны ача алсын" десек, чын эле ошондой уйду таап келиптир. Биздин тапшырмалардын баарын кынтыксыз аткарып жатты. Биз менен кошо кино дүйнөсүнө баш-оту менен кирип кетти. Ал жакта электр жарыгы да жок болчу. Генераторлорду алып барып, электр энергиясын коштурдук. Андан кийин ишибиз бүттү. Үйдү акыркы мыгына чейин чечип алып кеттик. Жер ээн калды. Бир күнү Айбек телефон чалып "Эй, баарыңар кетип калдыңарбы? Эми мен бул жакта жалгыз эмне кылам?" деп жатпайбы. Ошондо жаман боорубуз ооруду да. Айтайын дегеним биздин айылдарда укмуштай адамдар жашайт. Болгону аларга талантын ачууга мүмкүнчүлүктөр жок. Эгер жакшы шарт болсо, алардын дарамети ачылмак. Айбек муну иши менен далилдеди да.
- Мен ал үйдү мурда эле бар болсо керек деп ойлогом, көрсө жаңы курган турбайсыздарбы...
- Демек, көркөм режиссер өз милдетин жакшы аткарыптыр. Негизи кыргыз кинорежиссёрлору көбүнчө бюджетке карап иш кылат. Кантип азыраак акчага кино тартса болот деп ойлошот. Анткени сен продюсерлерден, инвесторлордон, жеке ишкерлерден каражат сурайсың. Асел Шерниязова менен Медер Сүйүндүков башында бул долбоорго макул болгондо, аягы эмне менен бүтөрүн билишкен эмес. Нөлдөн баштап үй кура турганыбыз ойго да келген эмес. Кийин "өтө кымбат болуп кетти, токтотобуз" деп кетенчиктешпеди. Аягына чейин колдошту. Ошон үчүн мен аларды күчтүү жана кайраттуу продюсерлер деп эсептейм. Алар чыгымдан коркушкан жок. Мунун баары фильм тереңирээк көрүнүшү үчүн, коозураак болушу үчүн, көрүүчү болуп жаткан окуяларга ишениши үчүн жасалып жатканын түшүнүштү.
"Баланы тасма эмес, ата-эне тарбиялайт"
- Дагы бир байкаганым, тасмадагы бакшынын образы. Башка кинолордо алар кара дуба окуган, шайтанга кызмат кылган адам болуп көрүнүшөт. Сиздин тасмаңызда ал оң каармандын образында берилген экен...
- Кинематографиянын көз карашы менен карасак, бүбү-бакшынын образы кино үчүн абдан кызык көрүнөт. Башында биз 30–40 миң доллардын тегерегиндеги бюджет менен бир эле үйдүн ичинде өтүүчү окуяны тартууну ойлогонбуз. Бакшы аялга кандайдыр бир көйгөйү бар аял келет деген жөнөкөй сюжет эле. Кийин Асел Шерниязованын "Кимдир бирөө Айтматовдун ушул романынын негизинде кино тартса жакшы болмок" деген сөзү эске түштү. Ошондо менде ушул касиет жөнөкөй эле бир аялда болсо кандай болот деген суроо жаралды. Бир бакшы аял курсактагы түйүлдүктүн келечегин көрө алат. Келечекте коркунучтуу кылмышкерге айлана турган балдар жарык дүйнөгө келүүнү каалабайт. Анысын энесинин чекесиндеги кызыл так аркылуу билдирет. Ал белги эмчи аялга гана көрүнөт. Бир күнү бакшыга чекесинде кызыл чекити бар аял келет. Эмчи ага бойдон алдырууну сунуштайт. Аял ага ишенбей, ыйлап кетет. Ал кеткенден кийин бакшы түшүндө төрөлө элек бала кийин кандай кылмышка бара турганын көрөт.
Эмне үчүн фильмди "Кассандра" деп атадык? Грек мифологиясындагы Кассандра көзү ачык кыз болгон. Аны бир кудай сүйүп калат. Бирок кыз анын сүйүүсүн кабыл албай коет. Ошондо кудай аны каргайт. Каргыштан кийин Кассандрага эч ким ишенбей калат.
- Сиз кинонун жабык көрсөтүүсүндө терс каармандын кылыгын Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаеваге салыштырдыңыз. Ошол окуя дагы бул фильмди тартууга идея берсе керек?
- Бишимбаевдин окуясы жөнүндө айтсам, анын кылмышы мен эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын үрөйүн учурган. Сыртынан ал шаардык, билимдүү, интеллигент адам көрүнөт. Сөздүн гүлүн терип сүйлөйт. Бирок ичинде желмогуз жашайт.
Кинематографиянын көз карашы менен карасак, ал кызыктуу каарман. Анткени көпчүлүк жанрдык фильмдерде терс каарманды дароо эле билесиң. Жанрдык кинодо көрүүчү үчүн баары түшүнүктүү, агы ак, карасы кара болушу керек. Көпчүлүк көрүүчүлөр баш каарман сөзсүз жакшы адам болушу керек деп ойлойт. Бул туура эмес. Башкы каарман жаман адам дагы болушу мүмкүн. Бизде дагы бир жаңылыш түшүнүк бар. Кээ бир адамдар кино тарбия бериши керек дешет. Жок, силерди кино эмес, ата-энеңер тарбиялашы керек. Тарбия негизинен бала кезинде, он жашка чейин берилет. Эгер чоң киши болуп алып кинодон аялды урбаш керек, сыйлаш керек деген жөнөкөй чындыктарды үйрөнгүң келсе, анда жоголгон адамсың. Кинонун максаты - кызыктуу окуяны гана баяндап берүү. Бишимбаевдин образына кайрылсак, андай адам мындай мыкаачылыкка барат деп ойлобойсуң. Сылык сүйлөгөн жумшак адамдай көрүнөт. Бирок аялын өлөрчө сабап өлтүрөт. Чыныгы жашоодо жаман адамдар дайыма эле жаман адамдай көрүнбөйт. Жашоонун татаалдыгы да ушунда.
- "Аврораны" кара юмор кылып тарттыңыз эле, эми хоррорго өттүңүз. Мындан кийинки тасмаңыз кайсы жанрда тартылат?
- Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу менин кыялым. Жазуучунун 100 жылдык мааракеси жакындап келе жатат. Бирок мындай долбоор үчүн чоң каражат керек. Мен Айтматовдун чыгармаларындагы ошол эле магиялык реализмди экранга алып чыккым келет. Ошол эле зомби-хоррор. Бул кадимки зомби тууралуу тасмалардагыдай чирип кеткен, ары-бери басып жүргөн чала өлүктөр эмес. Мен бул теманы чындап эле коркунучтуу жана ошол эле учурда абдан таасирдүү кылып көрсөтүүнү каалайм. Көрүүчүнүн үрөйүн учургандай күчтүү чыгышы керек. Айтматовду, Кыргызстанды, зомби темасын, чыгарманын философиялык тереңдигин бир фильмде айкалыштырганды элестетип көрүңүзчү. Бул бир бомба тасма болмок.
- Айтматовдун кайсы чыгармасын тартат элеңиз? "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттүбү" же "Жамийланы" зомби-хоррор кыласызбы?
- Акча табылсын, анан айтам...
Шерине