Бишкекте балдардын майрамындагы мүчүлүштүк үчүн вице-мэрге катуу сөгүш жарыяланды

Виктория Мозгачева аянттагы окуяны тийиштүү кызматкерлер менен талкуулады.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында уюштурулган иш-чарадагы мүчүлүштүк үчүн вице-мэр Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыяланды. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш жарыяланды, ал эми маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.

Булардан тышкары иш-чарага дижейлик кылган Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылат жана ага да мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ал даярдаган музыкалык жыйнакка жооптуу болгон педагогду да кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле мүчүлүштүккө жол берген башка жооптуу адамдар да аныкталып, тартип жоопкерчилигине тартылары айтылды.

1-июнда аянттагы оюн-зоок иш-чарасында сөгүнгөн сөздөр аралашкан музыка жаңырып турганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, элдин нааразылыгын жараткан.(ZKo)

Дагы караңыз

Таласта мектеп курууда бюджеттен 4 млн сом негизсиз төлөнгөнү аныкталдыУкраинада Орусиянын жапырт соккусунан 18 адам мерт кетти, 100дөн ашууну жараат алды "Элдик банк" "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" курууга насыя беретШаардык сот Тажибек кызынын ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү четке кактыТрамп Иран менен келишим "жакынкы бир жумада түзүлүшү мүмкүн" экенин айтты