Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Украинада Орусиянын жапырт соккусунан 18 адам мерт кетти, 100дөн ашууну жараат алды

Киев. 2026-жылдын 2-июну.
Киев. 2026-жылдын 2-июну.

Орусиянын Украинанын аймагын жапырт аткылоосунан 2-июнда кеминде 18 адам каза болгонун, 100дөн ашык адам жаракат алганын украин жарандык коргонуу мекемеси билдирди. Айрыкча Киевде, Днепрде жана Харьковдо абал оор экени кабарланды.

Борбор калаада куткаруучулар түнү бою дээрлик бардык райондордо - 29 жерде иштешти. Өрттүн көпчүлүгү өчүрүлдү, Киевдин беш районунда иштер уланууда. Шаарда алты адам каза болду, 64 тургун жараат алып, медициналык жардамга кайрылды. Снаряддан жараат алгандардын арасында үч жашар бала бар.

Днепрде көп кабаттуу үйлөр талкаланып, кеминде 12 адам каза тапты, арасында балдар бар. 37 тургун жаракат алганы, алты адамдын дайыны табылбай жатканы кабарланды.

Харьковдо үйлөр жана тамак-аш ишканасы жабыркап, 10дон ашык адам жараат алды.

Ошондой эле Николаев, Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов жана Запорожье облустарында үйлөр жана башка имараттар талкаланды.

Днепрде жараат алгандардын көбүнүн абалы оор экени айтылды. Турак жай жана мекеме имараттарына, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилди.

1-июндун кечинде Харьковго кеминде 15 дрон жана эки ракета атылган. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, 15 адам, анын ичинде 11 жаштагы кыз жаракат алган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG