Евробиримдик үчүнчү өлкөлөрдө миграциялык борбор түзүүнү макулдашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Европарламенттин, Еврокомиссиянын жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү башпаанек берүү өтүнүчү четке кагылган, бирок мекенине кайтарууга мүмкүн болбой жаткан мигранттарды депортациялоону жеңилдеткен жаңы жобо боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.

Жаңы эрежелерге ылайык, Евробиримдик мындай мигранттар үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында атайын борборлорду түзө алат. Бул тууралуу 1-июнь күнү кечинде Еврокеңеш билдирди.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, мындай депортациялык борборлорду түзүүнү Германия, Австрия жана Дания колдойт.

Politico басылмасы Евробиримдиктин келечектеги өнөктөштөрү катары Казакстанды, Өзбекстанды, Руанданы жана Уганданы атады. Анткен менен Казакстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ерлан Жетыбаев бул маалыматты четке какты.

Жаңы жобо Евробиримдиктен чыгып кетүүдөн баш тарткан мигранттарга карата жазаларды да күчөтөт. Тактап айтканда, аларга Евробиримдикке кайра кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн социалдык жөлөкпулдарды кыскартуу же толугу менен токтотуу мүмкүнчүлүгү да каралганын dpa агенттиги жазды.

AFP маалымдагандай, Франция, Германия жана Европарламенттин өкүлдөрү мындай борборлор мүмкүн болушунча тезирээк иштей башташы керек деген позицияда.

Бул жаңы эрежелер өкмөттүк эмес уюмдардын кескин сынына кабылды. Алар мындай чаралар адам укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Сынчылардын айтымында, жаңы жобо адамдарды аларга эч кандай тиешеси жок өлкөлөргө жөнөтүүгө жол ачат.

Дагы караңыз

Бишкекте балдардын майрамындагы мүчүлүштүк үчүн вице-мэрге катуу сөгүш жарыяландыТаласта мектеп курууда бюджеттен 4 млн сом негизсиз төлөнгөнү аныкталдыУкраинада Орусиянын жапырт соккусунан 18 адам мерт кетти, 100дөн ашууну жараат алды