Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Кавказдагы өлкөлөрдүн Борбордук банктары саясий басымдан жана өкмөттөрдүн талаптарынан жакшыраак корголушу керек. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун 2-июнда жарык көргөн докладында айтылат. Фонд мындай чара Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүүлүктөн улам келип чыккан экономикалык тобокелдиктер көбөйгөн, энергиянын баасы өскөн, азык-түлүк кымбаттаган жана бюджетке күч келип жаткан маалда маанилүү деп эсептейт.
«Борбордук банктардын көз карандысыздыгы жана ишенимдүү финансы-кредит саясатынын инфляцияны эффективдүү ооздуктоого түздөн-түз байланышы бар. Күтүлбөгөн инфляциялык олку-солку учурунда бул абдан пайдалуу», - деп айтылат баяндамада.
Муну менен катар Эл аралык фонд күчтүү борбордук банктар мунай же азык-түлүк бааларын ооздуктай албайт, бирок экономикада терс тенденциялардын алдын алууга шарт түзөт деп белгилейт.
Адистердин айтымында, Кавказ жана Борбор Азияда борбордук банктар юридикалык жактан көз каранды жана баалардын стабилдүүлүгүн камсыздоодо максаттары так аныкталган. Мисал катары фонд Армения, Грузия, Казакстан жана Өзбекстанды келтирет. Бул өлкөлөрдө пандемиядан кийинки инфляциянын тушунда борбордук банктар финансы-кредит саясатын ылдам катаалдаштырган.