Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды
Ленинград облусунда шаршембиге караган түнү украиналык 60тай дрон атып түшүрүлгөнүн жергиликтүү бийлик билдирди. Аймакта ири танкер порттору орун алган. Санкт-Петербург шаары эл аралык экономикалык форум башталып жаткан күнү аткылоого туш болду. Украина Орусиянын агрессиясына жооп кайтарып, армияны күйүүчү май менен камсыздаган, согуш жүргүзүүгө зарыл болгон жабдуулар чыгарылган ишканаларды бутага алып келет. Ушул эле түнү украин полициясы Херсон, Сумы облустарында турак жайлар аткыланганын билдирди.
Шерине