Кувейт Ирандын аба соккусунан кеминде бир киши каза тапканын, бир нечеси жараат алганын билдирди

Кувейттеги эл аралык аэропорту чабуулдан кийин. 3-июнь 2026-жыл

Кувейт Ирандын аба соккусунан бери дегенде бир киши каза тапканын жана бир нечеси жарадар болгонун билдирди. Андан тышкары өлкөнүн эл аралык аэропортун убактылуу жабууга туура келген. Маалыматка ылайык, бир нече маанилүү жайлар, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын имараттары зыян тартты.

Кувейттин Тышкы иштер министрлиги 3-июндагы билдирүүсүндө Ирандын “ырайымсыз жана созулган чабуулун” айыптады. Мекеме мындай “агрессиялык кадамдар чыңалууну күчөтөрүн, региондогу коопсуздукка жана стабилдүүлүккө шек келтирерин, эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелерин” белгиледи.

Буга чейин Кувейттин Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал Сауд Абдулазиз ал-Отаиби учкучсуз учактар аэропорттогу терминалга чабуул койгонун, ал Ирандын “кылмыштуу агрессиясы болгонун, имарат бүлүнгөнүн жана бир нече киши жаракат алганын” билдирген.

Ал Кувейттин Куралдуу күчтөрү кырдаалга байкоо салып жатканын айтты.

Өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгы эл аралык аэропортто каттамдар убактылу токтогонун, учактар башка жерлерге багытталып жатканын маалымдаган.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 2-июндун кечинде жана 3-июнга караган түндө Иран коңшу мамлекеттерди – америкалык аскер базалары жайгашкан Кувейт менен Бахрейнди бир нече жолу пилотсуз учактар жана ракеталар менен аткылаганын билдирген.

Билдирүүдө айтылгандай, бир нече ракета бутага жеткен эмес. Бахрейнге багытталган дрондор америкалык жана бахрейндик коргонуу системалары аркылуу жок кылынган, Кувейтке багытталган эки ракета да бутага жетпей абада жок болгон.

Командачылык ошондой эле америкалык аскерлер Ирандын үч жанкечти дронун атып түшүргөнүн билдирди. Америкалык аскерлер соккуга жооп кылып Ормуз кысыгынын Кешм аралындагы Ирандын аскердик жайына "коргонуу тартибиндеги сокку" урган.

X соцтармагына кийинчерээк CENTCOM Кувейтке багытталган ирандык дрондор жок кылынганы тууралуу пост жарыялады.

Дагы караңыз

Эл аралык валюта фонду Борбор Азиянын банктарына кысым болбошу керектигин эскерттиСанкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды БШКдагы шайлоо: Жаңы курамга кимдер кирди?