Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиси болуп кызматка баруу үчүн талапкердин дипломатия тармагында кеминде он жылдык иш тажрыйбасы болушу керек. Бул талаптар президент Садыр Жапаров 4-июнда кол койгон “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамда жазылган.
Ага ылайык, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиси кызматына мындан ары кеминде 10 жыл тиешелүү иш тажрыйбасы - дипломатиялык кызмат органдарында, президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңеш аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген бөлүмдөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары дайындалат. Ошол эле учурда элчилик кызматка өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошкон жарандардын талапкерлиги да президентке сунушталышы мүмкүн.
Өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстандын башкы консулдарын тышкы иштер министри президенттин макулдугу менен кызматка дайындайт же алат. Мындан тышкары президент Консулдук уставды бекитет жана тышкы саясатта мамлекеттик органдардын кызматташуу тартибин чечет.
Документте дипломат кызматкерлердин жоопкерчилиги да күчөтүлгөн. Зарыл учурда дипломаттык рангдан ажыратуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдагы өзгөртүүлөр дипломатия тармагын жакшыртуу жана кадрдык талаптарды күчөтүүгө багытталганы белгиленди.
Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиси кызматына тиешелүү тажрыйбасы, кесиби жок адамдар дайындалганы коомчулукта түрдүү талкуу жаратып келген. Мурунку убактарда элчилик кызматтарга оппозицияда жүргөн саясатчылар, бийлик алмашкан кезде ага салым кошкону айтылган журналисттер, депутаттар дайындалган учурлар көп болгон.(ZKo)