Индиядагы өрт: "Наргиз боорун алмаштырып, Ошко кайтмак”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Индиянын борбору Нью-Делидеги мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында жакында боор алмаштыруу операциясын башынан өткөргөн Ош шаарынын тургуну Наргиз Кочкарова, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана бейтаптын апасы бар. Үй-бүлө Индияда дарылануу максатында жүргөн. Өрттөн каза болгон аялдын артында эки жашы жете элек баласы калды.