Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге согушту токтотууга, түз сүйлөшүүгө чакырып жазган ачык катын жарыялады. Украин лидери бейтарап аянтчада АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн катышы менен жеке жолугушууну сунуштады.
"Согуштан чыгуудан коркпоңуз - бул азыр сизден керек болуп жаткан башкы нерсе", - деди Зеленский.
Катында Зеленский жаңжал Путиндин аң-сезимдүү тандоосу болгонун, ал согуш үчүн жооптуу адам экенин белгиледи.
"Сиз НАТО, геосаясат жана орус тили тууралуу эмне гана сөз айтпаңыз, бул согуш - чыныгы себептери жок согуш - жеке сиздин гана тандооңуз", – деп жазылган катта.
Зеленский орусиялык коом согуштун кесепетинен барган сайын чарчап жатканын белгиледи. "Биздин дрондор жана ракеталар жакпайт" деген украин президенти, "мунай таңкыстыгы жана улам өсүп жаткан кымбатчылык жакпайт", ошондой эле "сиздин согуштун аягы көрүнбөгөнү да жакпайт" деп кошумчалады.
Украин президенти Орусия фронтто оор жоготууларга дуушар болуп жатканын билдирди. "Кечээ мен сиздин армиянын май айындагы фронттогу жоготуулары тууралуу баяндама алдым. Бул кайра эле 30 миңден ашуун өлгөн жана оор жарадар болгон орусиялыктар", - деп жазды ал.
Зеленский Киев менен Москванын ортосунда сүйлөшүү жараянын баштоону өзүнчө сунуштады. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу Швейцарияда, Түркияда же араб өлкөлөрүнүн биринде өтсө болот.
"Украина согушту сиз менен биздин ортодогу форматта бүтүрүүнү сунуштайт. Мен сизге жолугушуу сунуштайм. Лидерлер гана маанилүү суроолорду чече алат - дайыма ушундай болуп келген", - деп билдирди ал.
Биринчи кадам катары Зеленский сүйлөшүү учурунда ок атышууну толук токтотууну, туткундарды "баарына - баарын" форматта алмаштырууну, ошондой эле согуш учурунда чыгарылып кеткен украиналык жарандар менен балдарды кайтарууну сунуштады.
"Жетишет. Украина бул согушту бүтүрүүнү сунуштайт. Бул согушту абийирдүү, чынчыл аяктап, ошондой эле жаңы согуш чыкпайт деген кепилдик керек", - деп белгиледи украин президенти.
Аягында Зеленский сүйлөшүүлөрдөн баш тартылса Украина союздаштарынын колдоосу менен каршылык көрсөтүүнү уланта берерин эскертти. "Эгер сиз өзүңүз бул согушту токтотууга мезгил жетти деген ойго келбесеңиз, Украина өзүнүн жашоосу үчүн күрөштү уланта берет", - деп жазылган катта.
Кремль Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүү жүргүзүү жана согушту аяктоону сунуштаган катын көргөнүн Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын сөзүнө караганда кат тууралуу Владимир Путинге Өзбекстандын президенти менен иш-чаралар аяктаган соң маалымат беришет. Песков ошондой эле Зеленский Путин менен сүйлөшүүнү кааласа Москвага келе аларын кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп украин лидеринин ачык каты жарыялангандан кийин Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу тууралуу идеяны колдоду.
"Алар жолугушуу жөнүндө айтып жатышканына кубанычтамын. Менимче, биз буга көп жагынан тиешебиз бар. Алар жолугушса абдан жакшы болмок. Алар буга барышы керек", - деди Трамп журналисттерге.
АКШ президенти ошондой эле тараптар келишерине ишенерин билдирди. "Алар экөө тең мунасага барышат, ал мунасаны мен сунуштагам", - деди Трамп.