Мамлекет башчы Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду президенттин өзгөчө тапшырмалар - санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү кылып дайындады.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын максаты улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу экени айтылды.
Санкциялык маселелер боюнча президенттин өкүлү чектөөгө байланыштуу эл аралык талапты сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу иштерин алып барат.
Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди.
18-майда Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан деген негизде 50 ишкананын ишин бир убакта токтоткон. Министрлик муну санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет деп баалап, бирок кайсыл компаниялар жабылганын тактаган эмес. (BTo)
Шерине