Еврошаркет Арменияга финансылык жардам бөлүү маселесин талкуулап жатат. Анын баштапкы өлчөмү 50 миллион евро болмокчу. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге шилтеме менен Рейтер агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, буга Орусиянын Ереванга каршы соода санкциялары түрткү берди. Төрайым андай экономикалык кысым көрсөтүү кабыл алынгыс деп белгиледи.
Фон дер Ляйен алдыңкы күнү армян өкмөт башчысы Никол Пашинян менен сүйлөшкөнүн билдирди.
«Армениялык продукцияга киргизилген экспорттук чектөөлөрдү узартуу менен Москва экономикалык алакаларды саясий кысымдын инструменти катары колдонууда. Биз бул тактиканы жакшы билебиз. Ошондуктан Европа Арменияны бекем колдойт. Евробиримдиктин жардам пакетин даярдап жатабыз», - деп айтты төрайым.
Еревандын Еврошаркет менен жакындашуусуна нааразы болгон Орусия ал өлкөнүн бир топ продукциясын импорттоого тыюу салган же чектеген.
Буга жооп кайтарган Пашинян Ереван Орусия тыюу салган товарларды Еврошаркетке сатарын билдирди.
Орусиянын Арменияга кысымы 7-июндагы парламенттик шайлоо алдында күчөдү.
Шерине