Тяньаньмендеги кыргынга 37 жыл болду
4-июнда Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Кытай бийлиги коммунисттик партияны төңкөрүү аракети деп сыпаттаган ал окуяны эскерүүгө тыюу салган. 1989-жылдын 4-июнунда канча киши каза тапканы да так айтылбайт. Укук коргоочулардын айтымында, ошондо жүздөгөн, а балким миңдеген киши набыт болгон. Шаршембиде АКШнын малекеттик катчысы Марко Рубио Бээжиндин цензурасы аскерлердин зомбулугун элдин эсинен жок кыла албайт деп билдирди.
Шерине