Эрмек Сабыржанов кармалган окуя быйыл 22-майда болгон. Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Ошол күнү суракка алынып, 23-майда камалган.
Ушу тапта Анкаранын убактылуу кармоочу жайында отурат. Жубайы Аделина Касымова кармалгандан бери күйөөсүн көрө электигин "Азаттыкка" айтып берди:
"Төрт ай мурда билет алып, 22-майда үй-бүлөбүз менен Түндүк Кипрге эс алганы баратканбыз. Ал жакта жолдошумдун достору бар, бирөө үй-бүлөсү менен Измирден келмек. Анкаранын аэропортунда транзит үчүн 10 саат күтүш керек болду. Аэропортто үч балабыз менен кыйналып кеткендиктен, шаарга чыгып келели деп жатсак, күйөөмө “силерге иш ачылган экен, эмнеңер бар” дешти. Ал Измир шаарындагы “Гедиз” университетинде окуган. 2015-жылы окууну бүтүп, 2016-жылы Бишкекке кайтып келген. Ошондон кийин эч кандай байланышы болгон эмес. Стамбулга үч балам менен барып, адвокат жалдадым. Кечээ жолдошум менен жолугушуу үчүн кайра Анкарага учуп келдим. Себеби, ага эч ким кире элек, анын абалы кандай экенин эч ким билбейт", - деди ал.
Касымова балдары менен эки жумадан бери Түркияда жүргөнүн, бул мамлекетте жакындары жок болгондуктан жашоо оор болуп жатканын кошумчалады.
Сабыржановдун адвокаты Эрдем Атмажа ал азыр Анкарадагы абакта экенин "Азаттыкка" маалымдап, тергөө талабынан улам кайсы иштен улам кармалганын айткан жок:
"Ал камакка алынды. Анкарада кармалууда. Мен кайсы иш боюнча кармалганын сизге айта албайм. Анткени Түркиянын мыйзамдары боюнча ушул сыяктуу маалыматтарды берүүгө укугум жок. Бирок бул боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбул консулдукка маалымат бердим".
Ошол эле кезде Түркиянын укук коргоо органдары Сабыржановго ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатканын бул иштен кабары бар бир нече булак бизге ырастады.
34 жаштагы Эрмек Сабыржанов 10 жыл мурда Түркиянын Измир шаарында билим алган. Кыргызстанда ал Гүлендин "Хизмет" кыймылы менен байланышы болгон мурдагы "Себат" ("Сапат" болуп өзгөрүп, кийин Түркиянын "Маариф" фондуна өткөн билим берүү мекемелери) лицейлеринин биринде окуганбы, жокпу, маалымат жок.
Маркум Фетхулла Гүлендин кыймылына байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын Түркияда кармалышы буга чейин бир нече жолу болгон. 2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилген.
Азыр да кыргызстандык жарандын кармалышына көңүл бурулуп, аны мекенине кайтарууга бийликти чакыргандар бар. Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элдар Абакиров эл аралык келишимдердин негизинде ар бир мамлекет өз жаранын коргоого милдеттүү экенин эске салды:
"Ар бир өлкө өз жаранын коргош керек. Эл аралык келишимдер бар, укуктук база бар. Биздин Тышкы иштер министрлиги, Түркиядагы элчилик ошого таянып, барып, толук кабар алып, элге маалымат бериши керек. Жаран мыйзам бузса, анда бир жөн. Эгер эч кандай мыйзам бузбаса, анда тезинен анын укугун коргоп, кайра өлкөгө кайтарыш керек".
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин үч жүздөн ашык адам набыт болгон.
Президент Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган. Мындан соң Түркияда эле эмес башка өлкөлөрдөгү бул уюмга тиешеси бар деген бир нече адамды айыптаган. Кыргызстанда соңку 30 жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келген “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Бишкектен Түркияга күч менен чыгарылган.
Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.
Шерине