Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

"Вефа" чыры: Кыргызстандык ишкер эл аралык сотко даттанат


Vefa соода борбору
Vefa соода борбору

Жогорку Сот “Вефа” соода борборун Түркиянын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Өзгүн иншаат” акционердик коомунун балансында калтырды. Борборду 2016-жылы мыйзамдуу сатып алганын билдирген “Аруу Жылдыз” коомунун адвокаттары эми эл аралык сотко кайрылып, укугун коргой турганын билдиришти. “Вефаны” алган тарап имарат оңдолуп-түзөлөрүн айтып жатат.

“Аруу Жылдыз” компаниясы Жогорку Соттун чечимине каршы эл аралык сотко кайрыларын адвокат Нурлыбек Султан Нусипжанов билдирди. Ал сот ишти кароо учурунда Гаага конвенциясынын шарттарын бузуп, далил катары көрсөтүлгөн документтерди эске алган жок деп эсептейт.

Сотто “Аруу Жылдыз” коомунун адвокаттары Түркиядан алдырган расмий документтерин көрсөтүшкөн. Анда “Өзгүн Иншаат” өз убагында ишеним катка таянып, соода борборду саткан документ анык экени айтылат. Имаратты талашып жаткан тарап болсо, ишеним каттын күчү жок экенин түрк сотунун чечимине таянуу менен негиз келтирген. Бирок бул документ Түркиянын жалпы реестринде бар экенин, ал юридикалык күчкө ээ экенин адвокаттар белгилеп жатат.

Нусипжанов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси сотко кат менен кайрылганын да сындап, эки компаниянын ортосундагы араздашууга катышуусун дипломатиялык басым катары баалай турганын билдирди.

Нурлыбек Султан Нусипжанов
Нурлыбек Султан Нусипжанов

“Биз кыргыз ишкери, тактап айтканда “Аруу Жылдыз” коомунун ээси Умсун Назарбекованын кызыкчылыктарын коргоону улантып жатабыз. Түркиянын аймагында соттук териштирүүлөр башталды. Тактап айтканда, биз анда ишеним кат жана башка бир катар жагдайларга байланыштуу арыз жазганбыз. Дипломатиялык кызматтар мындай иштерге кийлигишүүгө акысы жок. Бирок Тышкы иштер министрликтери кат жазып, сотко жөнөтүп жатышы таң калтырат. Ишкер Умсун Назарбекова Вефаны сатып алуу учурунда өз каражатын колдонуп, андан тышкары эки банктан чоң насыя алган. Сотто ушул банктардын биринин өкүлү да катышып, чынында насыя алынганын тастыктап жатты”.

"Аруу Жылдыздын" дагы бир бир адвокаты Абзал Мынбаев Жогорку Соттун соңку чечимин күтүлгөн эле көрүнүш катары баалады.

Абзал Мынбаев
Абзал Мынбаев

"Гаага конвенциясынын шарттарына ылайык, сот биз Түркиядан бери алып келген документтерди иштин материалдарына кошуп, кабыл алышы керек эле. Мыйзам бузуу биринчи инстанциядагы сотто эле башталган. Мисалы биринчи отурум 12де болсо, сот өтөрү тууралуу маалыматты сот аткаруучулар саат 15те гана жиберген. Буга чейинки отурумдардын бири биздин жактообуздагы Умсун Назарбекованын, анын адвокаттарынын катышуусусуз өткөн. Мындай чечимдин чыгышына кызыкдар тараптар бар экенин билем, бирок аларды айтууга укугум чектелүү болуп турат. Ошондуктан биз эл аралык сотто акыйкаттыкты орнотууга аракет көрөбүз".

"Алты жылда соода борборду өнүктүрүү аракети көрүлгөн эмес"

“Өзгүн Иншаат” коомунун адвокаты Нуршат Касымов соттун чечимин туура деп эсептеп, имарат 2 млрд сомго сатылганы айтылганы менен эч кандай аны тастыктоочу документтер жок экенин, убагында коомдун активдери мыйзамсыз чыгарылып кеткенин айтууда. Ошондой эле алар алты жыл ичинде борборду өнүктүрбөгөнүн, салыктар төлөнбөгөнүн айтууда. Мындан улам “Өзгүн Иншаат” дагы бир арызын даярдап, сотко кайрылууну көздөп жатат.

Нуршат Касымов
Нуршат Касымов

“Алты жыл бою биздин акционердик коомго тиешелүү имарат үчүн күрөшүп келдик. Бул соода борборун алты жыл “Аруу Жылдыз” компаниясы мыйзамсыз колдонуп келген. “Өзгүн Иншааттын” Кыргызстандагы филиалынын башкаруучулары ошол жылдары ишеним катка таянып имаратты берип койгон. Ал документ жасалма экенин биз айтканбыз сотто. Бирок бизге каршы тарап ишеним кат анык экенин айтып келген. Биз бүгүн Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн катын сотко тапшырдык. Анда түрк сотунун чечими менен ишеним кат чынында жасалма экени айтылат”.

“Өзгүн Иншаат” акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлү Вэси Изатов буга чейин соода борбордун имаратын реконструкциялоо боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын айткан. Изатов соңку алты жылдан бери капиталдык ремонт жүрбөгөн жерде жаңылануу болорун кошумчалаган.

Буга чейин айрым талдоочулар "Вефанын" айланасындагы соңку окуяларга пикирин билдирип, бул ишти бир тараптуу кароого болбой турганын айтышкан. Алар документтерди иликтеп, бардык жагдайларды териштирүү керек эле деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевбул маселеге кыргыз бийлиги көңүл бурушу керектигин, кыргыз ишкеринин укугун коргоп, анын таламын талашууда өлкө кайдыгер болбошу зарылдыгын айтты.

"Вефаны" түрк бийлиги 2017-жылы улутташтырган

Бишкектеги "Вефа" соода борборун түркиялык ишкерлерден турган "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы 2006-жылы курган. 2016-жылы февралда ал мүлктү “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол койгон.

Ошентип, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн.

Түрк бийлиги ошол 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет.

Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган. Ошондон к ийин Түркия менен жакын мамиледе болгон өлкөлөрдө бул кыймылга таандык делген ишкерлерге каршы аракеттер күчөгөн.

“Аруу Жылдызды” "Озгүн Иншаат" 2017-жылдын январында сотко берип, мүлктү кайтарып берүүсүн талап кылган.

Арыз боюнча жараяндар буга чейин Биринчи Май райондук сотунда, Бишкек шаардык сотунда да каралган. 2023-жылдын 12-майында Биринчи Май райондук соту, андан кийин ушул эле жылдын 25-июлунда жарандык жана экономикалык иштер боюнча Бишкек шаардык соту имарат түрк тараптын пайдасына берилсин деген чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG