ИИМ баңгизат сатууга жаштарды тартуу күч алганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууга жана сатууга жаштарды тартуу күч алды. Буга өспүрүмдөрдүн кыска убакытта көп акча табууга кызыгуусу себеп болуп жатканын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Каныбек Үсөнов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

"Акыркы жылдары баңгизат сатууга тартылгандардын жашы улам жашарып баратат. Анткени жаштар кыска убакытта көп акча тапкылары келип, жеңил олжону көздөшөт. Бирок мындай болбойт. Ар бир кылмыш үчүн жоопкерчилик бар", — деди Үсөнов.

Каныбек Үсөновдун айтымында, баңги кылмышына аралашкандардын ичинде студенттер жана жогорку класстын окуучулары бар. Алардын көбү социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары. Бирок ошол эле учурда ата-энесинин колунда бар, жетиштүү шартта жашаган балдар да оңой акча табууга кызыгып, азгырылышат.

Баңгизат таратууга азгырылган кыздар дагы бар экенин белгилеген Үсөнов жаштар бул ишке 1-2 ирет аралашуу «билинбей калат» деп ойлошорун, бирок бул жаңылыштык экенин айтты. Анын маалыматына караганда, адатта жаштарга таратуу үчүн берилген бир таңгакта эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз боло турган ири өлчөмдөгү баңгизат болот.

ИИМ баңгизат сатуу жана таратуу кылмышынын кесепеттери тууралуу студенттер менен мектеп окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп келерин кошумчалады.

Кыргызстандын мыйзамдарында баңгизат таратуу жана сатуу кылмышы үчүн 5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Бул кылмыш үчүн жоопкерчилик 14 жаштан баштап тартылат.(ZKo)

Дагы караңыз

"Мемориал", "ОВД-Инфо" жана "Револьт-центр" Орусияда террорист-экстремисттер тизмесине кирдиНарында райондук милиция башчысы ыдык көрсөтүүгө шектелип жатканы кабарландыАбактагы Узакбаевдин адвокаты анын ден соолугуна байланыштуу президентке кайрылдыСот аткаруу кызматы "Тюбетейка" ресторанынын иши боюнча түшүндүрмө берди