Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Сот аткаруу кызматы "Тюбетейка" ресторанынын иши боюнча түшүндүрмө берди

"Тюбетейка" рестораны.
"Тюбетейка" рестораны.

Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы Бишкектеги "Тюбетейка" ресторанынын иши, имаратты ижарачылардан бошотуу аракети тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызматына «CH» ишканасына таандык имаратты бошотуу боюнча аткаруу чечимин райсот быйыл 4-февралда берген.

Өндүрүш алкагында 19-февралда жоопкер тарапка соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылган. Талаптарды жоопкер аткарбагандыктан сот аткаруучу имаратты бошотуу аракетин 4-июнга дайындаган жана бул тууралуу тараптарга алдын ала маалымдаган.

Сот аткаруу кызматынын түшүндүрмөсүнө ылайык, жоопкер тарап эч кандай дооматы жоктугун билдирип жазып берген. Бирок сот чечимин аткаруу учурунда тоскоолдуктар жаралганына байланыштуу ишти күбөлөрдүн, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана ыкчам аракеттенүү тобунун катышуусунда жүргүзүүгө туура келген.

"Бардык аракеттер белгиленген тартипте тиешелүү процесстик документтерди тариздөө менен катталган. Сот аткаруучулар кызматы кызматкерлердин бардык аракеттери мыйзамда берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана жүргүзүлгөнүн жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимин аткарууну камсыз кылууга багытталганын белгилейт", - деп жазылган маалыматта.

Бишкектеги Панфилов паркына чукул жайгашкан "Тюбетейка" ресторанын имараттан күчтөп чыгаруу аракети болуп жатканы тууралуу маалыматтар 4-июнда соцтармактарда тараган. Айрымдар муну рейдерлик деп аташкан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG