Түндүк-Түштүк кошумча жолуна түшкөн таш көчкү тазаланып жатат

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолго түшкөн таш көчкүнү тазалоо учуру. 5-июнь, 2026-жыл.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна 4-июнда түшкөн таш көчкүнү тазалоо уланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

№18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы жолду таштан тазалап жатат. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан да техника тартылган.

4-июнда саат 17:30 чамасында жолдун 270-271-чакырым аралыгына 55-60 миң куб метрлик чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

Министрлик айдоочуларга аталган тилке аркылуу каттамга чыкпай турууга чакырып, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертти.

3-июнь күнү аталган жолдун 260–274-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, тазалангандан кийин кайра ачылган.

Түндүк-түштүк кошумча жолу 1-июндан баштап убактылуу ачылган. Автожол июндан ноябрь айына чейин ачык болору айтылган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков март айында альтернативдик жол 2028-жылы толук пайдаланууга берилерин билдирген.

Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.

Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов тууралуу комментарий бердиПрезидент Жапаров Кыргызстан БУУга бир катар сунуштарды берерин айттыИИМ баңгизат сатууга жаштарды тартуу күч алганын билдирдиПутин НАТО аймагына кол салуу тууралуу билдирүүлөрдү акылсыздык деп атадыНарында райондук милиция башчысы ыдык көрсөтүүгө шектелип жатканы кабарланды