Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов тууралуу комментарий берди.
Өлкөнүн тышкы саясат мекемеси бул окуя Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө экенин жана Эрмек Сабыржановдун туугандары менен байланышып жатканын кабарлады.
“Элчилик Э.Сго жардам көрсөтүү, ошондой эле анын кармалышынын жагдайларын жана себептерин тактоо максатында Түркиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө”, - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.
Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалганы 4-июнда белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 22-майында суракка алынып, 23-майда камалган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” алар үй-бүлөсү менен Түндүк Кипрге эс алганы баратышканын айтты.
Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат.
Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.
2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилген.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диний аалым Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган.
Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (BTo)
Шерине