WFP: Жакынкы Чыгыштагы жаңжал миллиондогон кишини ачарчылыктын кырына кептеди

WFP уюмунун өкүлү Сомалиде. 7-май 2026-жыл

Ирандагы согуш жана Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжал миллиондогон кишини ачарчылыктын кырына кептеди. 5-июнда бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы (WFP ) билдирди.

Күйүүчү майдын жана транспорттун кымбатташы азык-түлүк бааларынын өсүшүнө алып келди, каражаттын тартыштыгынан улам гуманитардык уюмдар маанилүү жардамын токтотуп койду.

АКШ жана Израилдин 28-февралда Иранга каршы баштаган чабуулу аймактык жаңжалга жеткирип, Ормуз кысыгы өңдүү маанилүү коридор жабылып калды, мунай менен газ ташуу үзгүлтүккө учурады.

WFP март айында кара майдын бир баррели 100 доллардын айланасында кала берсе 45 миллион киши тамак-аш менен камсыздалбай калышы мүмкүн деп эскерткен. Учурдагы баа ушул чектен өйдө сакталууда.

Ооганстан, Сомали жана Шри-Ланканын жашоочулары өзгөчө жапа чеккендердин тобуна кирет. Ал өлкөлөрдө күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы өсүүдө, элдин кирешеси азайууда, соода үзгүлтүккө учурап жатат.

Уюмдун прогнозу боюнча Сомалиде 6 жарым миллион киши же калктын үчтөн бир бөлүгү быйыл ачарчылыкка туш болмокчу. Ооганстанда 17 миллиондой киши жабыркашы мүмкүн.

Эки өлкө тең энергиянын жана азык-түлүктүн импортуна көз каранды.

Мындан тышкары гуманитардык уюмдар мурдагыдай каржыланбай, жардамын кескин азайткан.

WFP үстүбүздөгү жылы дүйнө жүзүндө бир жарым миллион кишиге жардам берилбей каларын, азыркыдай абал дагы алты айга уланса, 9 миллион киши жардамсыз каларын болжолдойт.

Дагы караңыз

БУУда Кыргызстан Борбор Азиянын атынан cүйлөйт"Тюбетейка" кафесинин айланасындагы чуу: Тартып алуубу же өз мүлкүн кайтаруубу?"Өлкө өз жаранын коргошу керек". Түркияда Эрмек Сабыржанов кармалды