Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 6-июнда расмий маалымат таратып, Ысык-Көлдө селдин айынан жер көчкү басып калган экинчи адамды издөө иштери уланып жатканын билдирди.
Расмий кабарда айтылгандай, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулуп баткак түрүндөгү ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана 1 Мерседес Спринтер, 1 Форд Мондео унааларын, андагы эки эркек кишини басып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жеринде абалды көзөмөлгө алышууда. Куткаруу ишине жалпы 291 адам, 20 инженердик техника тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркектин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери уланууда.
Күбөлөр социалдык тармактарга жеринен видео тартып жүктөп, бир нече автоунааны сел көл тарапка агызып кеткенин айтышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Темирбеков журналисттерге жолдон өтүп бараткан эки машине баткакка батып калганын айтты. Бир машинеде бараткан үч киши сыртка чыга качканга үлгүрсө, эки жүргүнчү ичинде калып кеткен.
Селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү, түнкү саат бирлерде эки тараптуу ачылган. Учурда селдин калдыктарын тазалооо иши уланууда. (ErN)