Зеленскийдин Лондон сапары: тынчтыкка жетүү үчүн беш шарт айтылды

Владимир Зеленский, Кир Стармер, Эммануэл Макрон жана Фридрих Мерц. Лондон, 7-июнь, 2026-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондондогу сапарынын алкагында 8-июнда Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен дагы бир жолу өзүнчө жолугушуп, падыша Карл IIIнүн кабыл алуусунда болорун билдирди.

7-июндун ал Британия, Франция жана Германиянын лидерлери менен жолугушкан.

Зеленскийдин айтымында, Кир Стармер, француз президенти Эммануэл Макрон жана немис канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүдө Украинадагы тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө Европанын катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Буга чейин Зеленский бул жараянга "Евроүчилтик" (Франция, Германия, Британия) катышышы ыктымалдыгын айткан, ошол эле кезде башка форматтарды да жокко чыгарган эмес.

Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу биргелешкен билдирүү британ өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.

Анда Украинанын туруктуу өнөктөшү катары Европа тынчтыкты жөнгө салууда маанилүү ролду ойношу керектиги белгиленген. Мындан тышкары "адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка" жетүү үчүн беш шарт аталган.

Алар: Ок атышууларды толук токтотуу, азыркы чектеш линиясын сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары кабыл алуу (ошол эле кезде "эл аралык чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбойт", тактап айтканда бул Орусия басып алган аймактарды таанууну түшүндүрбөйт). Орусия Украинага согушта келтирилген зыяндын ордун толтурмайынча анын Батыштагы активдеринин камактагы мөөнөтүн узартуу, Европанын коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо.

Президент Владимир Путин башында турган Орусиянын бийлиги келишимге жетишилгенге чейин ок атышууну токтотууну, согуш линиясы боюнча урушту токтото турууну, Украинага Батыш аскерлерин жайгаштырууну четке каккан, камактагы активдерди кайтарууну талап кылган.

Дагы караңыз

УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты Иран менен Израил кайрадан бири-бирине сокку уруп жатат