Жакындарынын маалыматына караганда, маркум көчөдө жүргөн кезде абалы кескин начарлап кеткен.
Кесиптештери жана замандаштары аны Кыргызстандагы тажрыйбасы бай, белдүү саясатчылардын бири болгон деп эскеришет. Ал өмүрүнүн 30 жылдан ашуунун мамлекеттик кызматтарда иштеген.
2020-жылдын Октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин бир нече күн Жогорку Кеңешке төрага да болгон. Ошол жылы парламенттин 6-октябрдагы кезексиз сессиясында спикерликке шайланып, дароо кызматына киришкен. Төрт күндөн кийин 10-октябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырып, төраганын ыйгарым укуктары вице-спикер Мирлан Бакировго өткөн.
Мыктыбек Абдылдаев депутат кезинде
Абдылдаев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты. 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчи, милициянын генерал-лейтенанты наамына ээ.
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган.
Дагы караңыз
Элдик курултай: Экономика, чек ара, адам укугу, жол коопсуздугуЭмгек жолун 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде иштөөдөн баштаган.
1991-жылы Легендарлуу парламентке депутат, 1994-1997-жылдарда ички иштер министринин орун басары, 1997—2001-жылдарда министрдин биринчи орун басары болгон.
2001—2002-жылдарды Коопсуздук кеңешинде катчынын орун басары, ошол эле маалда президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору кызматын аркалаган.
2002—2006-жылдарда президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн жетектесе, 2002-2005-жылдарда башкы прокурор, ички иштер министринин милдетин аткарган.
Дагы караңыз
Октябрь окуясына беш жыл: Көшөгө артындагы оюндар2005-2007-жылдарда президенттик администрацияны башкарган.
2010-2012-жылдарда Ата Журт партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын вице-спикери болгон.
2012-2014-жылдарла Ата Журт фракциясынын төрагасы, 2015-жылы Бир Бол партиясынын тизмеси менен алтынчы чакырылышка депутат болуп шайланган.
2023-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Элдик курултайдын катчысы болуп иштеп келаткан.
Маркумдун зыйнаты качан болору, кай жакка коюлары азырынча кабарлана элек.