Кыргыз жараны Украинадагы чалгын кызматкерине кол салууга айыпталууда

Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы 28 жаштагы Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин сотко өткөрдү. Ал Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгынын офицерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, айыпталуучу Кыргызстандын аймагында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан жалданган. Прокуратуранын билдиришинче, ал Украинага келип, Первомайск шаарында жашап турган учурда жашыруун байланыш үчүн бир нече смартфон жана SIM-карта сатып алган.

Кийин ал Киев шаарына барып, кураторунан курал катылган жайдын координаттарын жана бутага алынган офицер тууралуу маалыматтарды алган.

Кыргызстандык жаран 2025-жылдын ноябрь айында кол салуу аракетин ишке ашырууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Украин бийлиги анын жанынан курал, ок-дары жана ФСБдагы кураторлору менен байланышуу үчүн колдонулган смартфон табылганын билдирди.

Ага "буюртма негизинде жана материалдык кызыкчылык үчүн жасалган атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу, агрессор мамлекетке көмөктөшүү, ошондой эле курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо жана колдонуу" беренелери боюнча айып тагылууда.

Учурда ал камакта. Эгер күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.

Дагы караңыз

“Эмакомдун” негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов эки айга камалды“75чилердин каты” боюнча сотто күбөлөр сурала баштадыЖогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды