Кыргызстандын аба компаниялары Еврошаркеттин "кара тизмесинен" чыкты

"Манас" аэропортунда турган учак. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарылганын 8-июнда президенттин администрациясы билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын билдирген.

Чечим шаркеттин Авиа коопсуздук боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынында кабыл алынган, Европа Комиссиясынын тиешелүү регламенти менен таризделет.

Президенттик администрация акыркы жылдары мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, авиа коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук системаны Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн маалымдады.

"Европа Комиссиясы жылышты, анын ичинде техникалык кеңешмелердин, 2026-жылдын мартындагы баалоо сапарынын жыйынтыктарын жана Брюсселдеги угууларды жогору баалады. Жетишилген натыйжаларды колдоо үчүн Европа Комиссиясы кыргыз тарап менен техникалык өз ара ишти улантат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген.

Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстандын авиациясы тизмеден быйыл майда чыгары күтүлүп жатканын билдирген.


Дагы караңыз

Кыргыз жараны Украинадагы чалгын кызматкерине кол салууга айыпталуудаЛатвияда дрон атып түшүрүлдү, дагы бири Молдованын аймагында жарылды Филиппинде жер титирөөдөн 32 киши каза тапты