Украинага каршы согушка катышкандарды Евробиримдикке киргизбөө сунушталды

Еврокомиссиянын төрайымы  Урсула фон дер Ляйен

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин сунуш кылды.

Башка чаралар менен катар Украинага каршы согушка катышкан адамдарды биримдиктин аймагына киргизбөө каралууда.

Согуш катышуучулары менен катар «кара тизмеге» Орусиянын «көмүскө флотунун» 30 кемесине санкция киргизүү, 31 банк менен транзакция жүргүзүүгө, авто машиналардын тетиктеринин жана балык продукциясынын импортуна тыюу салуу сунуш кылынууда.

"Кара тизмеге" дагы 170 кишини жана компанияларды киргизүү пландалган.

Энергетикалык тармакта орус мунайына болгон бааны 44,1 доллардын деңгээлинде кармоо чарасы көрүлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Кая Каллас билдирди. Мындан тышкары санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берген үчүнчү өлкөлөрдүн компаниялары менен күрөштүн күчөтүлүшү күтүлүүдө.

Өткөн аптада Politico басылмасы 21-пакетке "Лукойл" жана "Роснефть" компанияларына каршы чаралар камтыларын жазган. Ушу тапта "Роснефть" менен иш жүргүзүүгө гана чектөө киргизилген. Ошондой эле санкциялар "Лукойлдун" филиалдарына гана салынган.

Еврошаркет жаңы санкциялык пакет июндун ортосунда жактырылышы ыктымал деп билдирген. Апрелде Венгриянын ошол маалдагы премьери Виктор Орбан шайлоодо жеңилгенден кийин ал өлкө мурдагыдай болуп Орусияга каршы чараларды кабыл алууга жолтоо болбойт деп күтүлүүдө.

Дагы караңыз

Аннексияланган Крым: Украина логистикалык жайларды бутага алууда "Балдардын тиши курт, чоңдордун оозу жыттанат". Таттуу көбөйгөнү оорулар жашардыбы?Темирлан Султанбековдун иши, тергөөчүлөргө нааразылык