Ормузга жакын жерде АКШнын тик учагы кырсыкка учурады, экипаж куткарылды

Apache тик учактары. Иллюстрация

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгына жакын жерде америкалык тик учак кырсыкка учураганын тастыктады.

Шейшембиде жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, 8-июнда армиянын Apache тик учагы кайгуул маалында Омандын жээгине кулап, экипаждын эки мүчөсүн америкалык аскерлер куткарды.

Командачылык алардын абалы жакшы, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кошумчалады.

Кырсык тууралуу биринчи болуп The New York Times гезити жазган. Тик учак ирандык күчтөрдүн аткылоосуна туш болгонбу, бузулганбы же башка маселе чыкканбы, белгисиз.

8-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөт окуя тууралуу отчетун жарыяларын айткан.

Дагы караңыз

Аннексияланган Крым: Украина логистикалык жайларды бутага алууда Темирлан Султанбековдун иши, тергөөчүлөргө нааразылыкАннексияланган Крымда бензин тартыш, Харьковдо төрт киши каза тапты