АКШ Apache тик учагынын кыйрашына жооп кылып Иранга коргонуу максатында сокку урду. Анын алдында президент Дональд Трамп Вашингтон тик учактын атып түшүрүлгөнүнө жооп кылууга аргасыз болорун билдирген.
"АКШнын башкы командачылыгы (CENTCOM) коргонуу максатында башкы командачынын буйругу менен АКШ армиясынын тик учагы атып түшүрүлгөнүнө жооп кылып сокку ура баштады. Бул миссия Ирандын негизсиз агрессиясына татыктуу жооп", - деп билдирди CENTCOM X соцтармагында.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу менен байланыштагы Fars маалымат агенттиги Хормозгандын чыгыш тарабында жарылуу болгонун жазды, Mehr агенттиги Сирик портундагы жарылуулар тууралуу кабарлады. Агенттиктер жергиликтүү тургундар жана булактар Кешм аралында жана Жаск шаарында да жарылуулар болгонун айтканын кошумчалашты.
АКШ президенти Дональд Трамп америкалык Apache тик учагын Ормуз кысыгынын аймагындагы кайгуул маалында Иран атып түшүргөнүн айтып, Вашингтон жооп кылууга аргасыз болгонун кошумчалаган.
Truth Social баракчасында 9-июнь күнү Трамп америкалык аскерлерден "ирандыктар биздин жогорку технологиялуу Apache тик учактарыбыздын бирин атып түшүрдү" деген маалымат алганын жазган. Ал тик учак экипажынын эки мүчөсү тең жабыркабаганын билдирген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 9-июндун кечинде "биздин аймакка жакын келген чет элдик аскерлер өздөрүнүн пенделик катачылыктарынан, кадимки кырсыктардан же ок алдында калуу ыктымалдыгынан улам дайым коркунучта турушат" деп билдирген.
АКШнын борбордук командачылыгы (CENTCOM) AH-64 Apache кайгуул маалында Омандын жээгине кулагандан кийин эки учкуч куткарылганын билдирген. Анда жоокерлер эки сааттан кийин эвакуацияланганын, абалы туруктуу экени айтып, кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатканын белгилеген.
9-июнда Трамп Иран менен тынчтык макулдашуулары "жыйынтыктоочу баскычта" экенин билдирген.